Германиянын Майндагы Франкфурт шаарында кыргызча «Stand Up» кечеси болуп өттү

82

2024-жылдын 2-февралында Майндагы Франкфурт шаарында Германиядагы мекендештер арасында кыргыз тилин жайылтуу максатында кыргызча «Stand Up» кечеси уюштурулду. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин колдоосу менен жергиликтүү кыргыз диаспорасынын активисти Темирлан Уметов тарабынан уюштурулду. Популярдуу куудулдар Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаевдер кыргыз тилинде тамаша-күлкү тартуулашып, келген коноктордун купулуна толушту.

Иш-чарага токтсонго (90) жакын кыргызстандыктар жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Майндагы Франкфурт шаарындагы өкүлү катышып, “Kyrgyz Stand Up” кечесинин урматына сөз сүйлөдү.

Ошондой эле, кыргызча «Stand Up» кечелерин Германиянын Гамбург, Мюнхен жана Берлин шаарларында жергиликтүү диаспоралык уюмдардын колдоосу менен уюштуруу пландалган.

Мындан тышкары, кыргызча «Stand Up» кечесинин алкагында “BIZ” уюмунун активисти Залкарбек Акылбек уулу тарабынан ата-мекендик “Салам Европа” аттуу тасмасын көргөзүү уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK