2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Мюнхен эл аралык аэропортунун Европалык Биримдик жана КМШ өлкөлөрү менен бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Себастьян Сельмайердин жолугушуусу болуп өттү

70

2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Мюнхен эл аралык аэропортунун Европалык Биримдик жана КМШ өлкөлөрү менен бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Себастьян Сельмайердин жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандагы аэропорттордун ишмердүүлүгүндөгү потенциал тууралуу маалымат берип, Мюнхен эл аралык аэропортуна Кыргызстан менен кызматташууну сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Мюнхен эл аралык аэропорту менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK