2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Бавариянын Ландтагынын (Парламентинин) депутаты Роланд Вайгерттин жолугушуусу болуп өттү

73

2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Бавариянын Ландтагынын (Парламентинин) депутаты Роланд Вайгерттин жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев Ландтагтын депутаты Р.Вайгертке Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, кыргыз-герман кызматташтыгынын алкагындагы актуалдуу маселелер жана иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Р.Вайгерт Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө оң баа берип, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бавариянын парламентарийлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK