2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Бавариянын Федералдык аймагынын Европа жана тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Эрик Бейсвенгердин жолугушуусу болуп өттү

83

2024-жылдын 6-февралында Мюнхен шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Бавариянын Федералдык аймагынын Европа жана тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Эрик Бейсвенгердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгы, Борбордук Азия аймагындагы кызматташтык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн, өзгөчө Кыргызстан менен Бавариянын кызыкчылыктарын эске алуу менен экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле ар түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK