2024-жылдын 7-февралында Бавария Федералдык аймагынын Кам шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин катышуусунда Бавария Федералдык аймагынын Кам округунда Кыргызстандан келген квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча долбоор тууралуу иш-чара болуп өттү

181

2024-жылдын 7-февралында Бавария Федералдык аймагынын Кам шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин катышуусунда Бавария Федералдык аймагынын Кам округунда Кыргызстандан келген квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча долбоор тууралуу иш-чара болуп өттү. Долбоор кыргыз тараптан «Инновациялык өнүгүү» Коомдук бирикмеси жана германиялык тараптан Бавариянын Кам районунун Ишке орноштуруу агенттиги тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Бул долбоордун алкагында 2022-жылдын сентябрынан бери Кыргызстандан 20 студент Кам районунда гастрономия жана мейманкана бизнеси, медицина жана карыларды кароо, металл жана электр өнөр жайы багыттары боюнча үч жылдык кесиптик билим алууда.

Иш-чарага Кам районунун башчысы Франц Леффлер, Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык ведомствосунун Башкармалыгынын мүчөсү Ванесса Ахуджа, Бавариянын иш менен камсыз кылуу департаментинин региоанлдык жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын жана Камдагы түрдүү уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Элчи Ө.Текебаев өз сөзүндө ар кыл багыттагы квалификациялуу кадрларды биргелешип даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта Баварияда гана эмес, Германиянын башка Федералдык аймактары менен дагы кызматташууну улантууну сунуштады.

Кам районуну башчысы Ф.Леффлер кыргызстандык окуучулардын билим деңгээлине жана немец тилин үйрөнүү деңгээлине канааттангандыгын билдирип, Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык ведомствосунун Башкармалыгынын мүчөсү Ванесса Ахуджа бул ийгиликтүү долбоор Кыргызстандан Германияга квалификациялуу кадрларды тартуу боюнча Кыргызстан менен кызматташууда Германиянын башка Федералдык аймактарына үлгү боло аларын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK