2024-жылдын 8-февралында Саксониянын Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Квалификациялуу эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу борбору (ZEFAS) тарабынан уюштурулган «Кыргыз кечесине» катышты

97

2024-жылдын 8-февралында Саксониянын Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Квалификациялуу эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу борбору (ZEFAS) тарабынан уюштурулган «Кыргыз кечесине» катышты.

Иш-чарага ошондой эле Саксониянын Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин статс-катчысы Томас Кралински, ZEFAS борборунун жетекчиси доктор Гейслер Маттиас, ошондой эле Кыргызстандан кадрларды тартууга кызыкдар болгон ар кайсы тармактагы саксондук отузга жакын ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Кеченин жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан жөнүндө жана Германия менен кызматташуунун негизги багыттары тууралуу кеңири баяндама жасап, ошондой эле немис инвесторлорун Кыргызстанга чакырып, немис компанияларын Кыргызстандан Германияга квалификациялуу жумушчуларды тартууга үндөдү. Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын туристтик потенциалы, инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары көрсөтүлдү.

Жалпысынан иш-чара Кыргызстанды саксон аудиториясына тартуулоо, ошондой эле Саксония федералдык жери менен көп кырдуу кызматташтыкты түзүү максатында өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK