2024-жылдын 10-февралында Берлин шаарында кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан келген Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаев өңдүү белгилүү куудулдардын катышуусунда «Kyrgyz Stand Up» концертин уюштурду

83

2024-жылдын 10-февралында Берлин шаарында кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан келген Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаев өңдүү белгилүү куудулдардын катышуусунда «Kyrgyz Stand Up» концертин уюштурду.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандан келген өнөрпоздорго, ошондой эле Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасына иш-чараны уюштургандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи Өмүрбек Текебаев мындай иш-чаралар жаштар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырарын баса белгиледи. Бул демилгелер эне тилге болгон сый-урматты чыңдоого, ошондой эле анын заманбап дүйнөдө сакталып, өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Германияда жашаган мекендештер арасында кыргыз тилин жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK