Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигини көмөгү менен 2024-жылдын 6-9-февралында Кыргыз Республикасынын “Мөмө” жемиш өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы жана “Ысмайыл”, “Сонун”, “Оско” жана “Клубмалина” компаниялары Fruit Logistica 2024 көргөзмөгө катышты

67

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигини көмөгү менен 2024-жылдын 6-9-февралында Кыргыз Республикасынын “Мөмө” жемиш өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы жана “Ысмайыл”, “Сонун”, “Оско” жана “Клубмалина” компаниялары Fruit Logistica 2024 көргөзмөгө катышты.

Fruit Logistica - жыл сайын Берлин шаарында өтүүчү эң ири азык-түлүк көргөзмөсү болуп саналат.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз компаниялары өз продукциясын дүйнө жүзүнүн ар бурчунан келген компанияларга тартуулап, кызыгуу жаратышты. Жыйынтыгында “Мөмө” ассоциациясы менен Германдык “Биолла-Хемикалс” компанисынын ортосунда кызматташууга Меморандумга кол коюлду. “Биолла-Хемикалс” компаниясы кургатылган кулпунайдын алгачкы партиясын Кыргызстандан алууга буйрутма берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK