2024-жылдын 19-февралында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын «Delfi Training» компаниясынын жетекчиси Назгүл Абдылдаева менен жолугушту

129

2024-жылдын 19-февралында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын «Delfi Training» компаниясынын жетекчиси Назгүл Абдылдаева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Delfi Training» компаниясынын ишке орноштуруу жаатындагы көп жылдык тажрыйбасы, анын ичинде дуалдык билим берүү системасы (Ausbildung) боюнча Германиянын ишканаларында стажировка жана практика тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле Кыргызстандан Германияга квалификациялуу кадрларды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, бул процессти уюштуруудагы орун алган кыйынчылыктар талкууланып, тиешелүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK