2024-жылдын 27-февралында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын “Sonnenernte GmbH» компаниясынын негиздөөчүсү Роман Шёнбергер жана «Allianz Henze Versicherung» камсыздандыруу компаниясынын директору Кристиан Хензе менен жолугушту

95

2024-жылдын 27-февралында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын “Sonnenernte GmbH» компаниясынын негиздөөчүсү Роман Шёнбергер жана «Allianz Henze Versicherung» камсыздандыруу компаниясынын директору Кристиан Хензе менен жолугушту.

Элчи Ө.Текебаев компания өкүлдөрүнүнө Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында потенциалы жогору экендиги тууралуу маалымдады. Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө багытталган бир катар иш-чаралар тууралуу маалымдалды. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерине преференциялар жана салык жеңилдиктери каралган. Элчи немис компаниясын Кыргызстанда күн электр станцияларын курууга катышууга чакырды.

Немис компаниясынын өкүлдөрү компания күн жана шамал электр станцияларын куруу тармагында иш алып барарын маалымдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында күн электр станцияларын куруу маселесин талкуулоо үчүн 2024-жылдын апрель айында германиялык компаниянын Кыргыз Республикасына бааруусу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK