2024-жылдын 4-мартында Гамбург шаарында LUNO Group компаниясынын жетекчиси Мирко Новак мырзанын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Гамбург кесиптик билим берүү институту (HIBB) жана COGNOS International сыяктуу германиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү

89

2024-жылдын 4-мартында Гамбург шаарында LUNO Group компаниясынын жетекчиси Мирко Новак мырзанын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жана Гамбург кесиптик билим берүү институту (HIBB) жана COGNOS International сыяктуу германиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогоруда аталган компаниялардын ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды тартууга кызыкдарлыгы тууралуу маалымат берилди. Өз кезегинде Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасы, Германия менен кызматташуунун бар потенциалы тууралуу кеңири айтып берди, анын ичинде Кыргызстандан эмгек ресурстарын даярдоо жана жөнөтүү жаатында Элчилик тарабынан буга чейин жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ошондой эле Кыргызстандан Германияга квалификациялуу кадрларды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, бул процессти уюштуруудагы орун алган кыйынчылыктар талкууланып, тиешелүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK