2024-жылдын 14-мартында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Тюрингия Федералдык жерин өнүктүрүү боюнча Агенттигинин өкүлдөрү менен: Ирина Хесс - Борбордук Азия жана Чыгыш Европа бөлүмүнүн башчысы жана Гузель Шайхулина Агенттиктин Борбордук Азиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту.

100

Азыркы тапта Элчиликтин иши Кыргыз Республикасы менен Германиянын Федералдык жерлери ортосунда өз ара байланышты түзүүгө жана кеңейтүүгө багытталганын Элчи Ө.Текебаев белгиледи. 2023-жылы Кыргызстанга Бавария жана Саксония Ангальт федералдык жерлеринин делегациялары иш сапар менен барышкан.

Жолугушууда Агенттиктин өкүлдөрү Тюрингиядагы компаниялар арасында Кыргыз Республикасы менен кызматташууга кызыгуу бар экенин белгилешти. Тюрингия федералдык жери менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланып, 2024-жылдын сентябрында Тюрингиядан Кыргызстанга компаниялар тобунун сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тюрингия Федералдык Мамлекетинин Өнүктүрүү Агенттиги 1992-жылы 15-майда Тюрингияда негизделген. Агенттиктин негизги милдети Тюрингияны инвестициянын жана бизнестин багыты катары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн федералдык өкмөттүн инструменти катары иш алып баруу болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK