2024-жылдын 16-мартында Берлиндин Этнологиялык музейде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин катышуусунда Нооруз жаз майрамына карата массалык иш-чара болуп өттү

115

2024-жылдын 16-мартында Берлиндин Этнологиялык музейде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин катышуусунда Нооруз жаз майрамына карата массалык иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны Ооганстан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү биргелешип, “Маданий кызматташтык” герман коомдук бирикмесинин көмөгү менен уюштурган.

Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев иш-чаранын бардык катышуучуларын өз ара урматтоого, тынчтык жана жакшы коңшулаштык идеалдарына негизделген элдердин ортосундагы байланышты чыңдоодо маанилүү роль ойногон Нооруз майрамы менен куттуктады.

Элчи белгилегендей, Ноорузду биргелешип белгилөө заманбап эл аралык коомчулукта маданий гармониянын жана өз ара түшүнүшүүнүн жаркын мисалы болуп саналат.

Бардык конокторго, анын ичинде Берлинде жашаган кыргызстандыктарга музыкалык көрсөтүүлөр, улуттук бийлер, театралдаштырылган оюн-зооктор, искусство жана ашпозчулук боюнча мастер-класстар, ошондой эле Нооруз майрамын майрамдаган элдердин маданий мурастарын көрсөткөн көргөзмөлөр камтылган түрдүү маданий программа тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK