2024-жылдын 22-мартында Гамбург шаарынын Өкмөтүнүн имаратынын фестивалдык залында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин активдүү катышуусу менен Нооруз жаз майрамын белгилөө аземи болуп өттү

132

2024-жылдын 22-мартында Гамбург шаарынын Өкмөтүнүн имаратынын фестивалдык залында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин активдүү катышуусу менен Нооруз жаз майрамын белгилөө аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги Азербайжандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бир катарда Кыргызстан тууралуу презентациялоо стендин уюштуруп, ошондой эле салтанаттуу кеченин конокторуна түрдүү улуттук тамактарды тартуулашты.

Аталган фестиваль Германиянын Социал-демократиялык партиясынын башкаруучу фракциясы көрсөткөн Гамбург шаарынын жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле «Нооруз форум» коомдук бирикмеси уюштурган. Ага Гамбург шаарынын 700гө жакын тургуну, анын ичинде Гамбургдагы «Түндүк» кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, катышып, Нооруз майрамын белгилешти.

Белгилей кетсек, мындан бир күн мурун, 2024-жылдын 21-мартында «Тундук» кыргыз диаспорасынын коомдук бирикмеси расмий каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу Ротенбаум этнологиялык музейинде Гамбургда жана жакынкы шаарларда жашаган кыргызстандыктар үчүн Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасын уюштурган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK