2024-жылдын 22-мартында Гамбург шаарында Гамбургдун Соода палатасы тарабынан уюштурулган “Саламаттыкты сактоо сектору үчүн квалификациялуу жумушчу күчү: Борбордук Азияга көңүл буруу” деген темада тегерек стол болуп өттү

118

2024-жылдын 22-мартында Гамбург шаарында Гамбургдун Соода  палатасы тарабынан уюштурулган “Саламаттыкты сактоо сектору үчүн квалификациялуу жумушчу күчү: Борбордук Азияга көңүл буруу” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Германиядагы Элчилери, ошондой эле квалификациялуу кадрларды тартууга кызыкдар болгон саламаттыкты сактоо, оорулууларга жана кары-картаңдарга кам көрүү тармагында иштеген бир катар германиялык компаниялардын жетекчилери катышты.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды Кыргызстанда жана Германияда ишке орноштуруу маселеси боюнча кызматташуунун негизги багыттарын белгилеп, бул багытта германиялык компанияларды кызматташууга чакырды.

Германиялык компаниялардын өкүлдөрү саламаттыкты сактоо жана кары-картаңдарга жана оорулууларга кам көрүү тармагында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешип, кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары мындай кызматташтыкты ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде немис тили үйрөнүүгө жана кесиптик даярдыкка байланышкан маселелерди чечүү боюнча, Германияга квалификациялуу кадрлардын келишине жана анда болушуна тийиштүү эрежелерди кеңири талкуулай алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK