2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Федералдык Коргоо министрлигинин саясий директору доктор Яспек Виектин жолугушуусу болуп өттү

107

2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Федералдык Коргоо министрлигинин саясий директору доктор Яспек Виектин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда кыргыз-герман аскерий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, учурдагы эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы коопсуздук жана кызматташтык маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын коргоо ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде аскердик машыгууга көмөк көрсөтүү программасынын алкагында кызматташууну бекемдөөнү макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK