2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин ведомствосунун «Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» боюнча 212-Рефератынын башчысы Александер Валлау менен жолугушуусу болду

111

2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин ведомствосунун «Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия» боюнча 212-Рефератынын башчысы Александер Валлау менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, региондук кызматташуу жана актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган ар кайсы чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK