2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Ангела Меркельдин Бюросунун жетекчиси Петра Рюлькенин жолугушуусу болуп өттү

85

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Ангела Меркельдин Бюросунун жетекчиси Петра Рюлькенин жолугушуусу болуп өттү.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын жылдарында жогорку деңгээлдеги мамилелерге жетишилгендигин жана анын мындан ары кеңейиши эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман өз ара аракеттенүүсү, региондогу кызматташтык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK