2024-жылдын 28-мартында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Германия-Евразия экономикалык биримдигинин Аткаруучу директору Др. Ханно Штёкер жолукту
2024-жылдын 28-мартында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Германиянын Германия-Евразия экономикалык биримдигинин Аткаруучу директору Др. Ханно Штёкер жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Ө.Текебаев маектешине 2023-жылы эки мамлекет ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты активдешүүсү, ошондой эле 2024-жылы пландаштырылган экономикалык иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Др. Х.Штёкер белгилегендей, Кыргыз Республикасы немис компаниялары тарабынан инвестиция үчүн ачык өлкө катары кабыл алынат. Германия-Евразия экономикалык биримдиги кыргыз компаниялары менен алака түзүүгө умтулат жана учурда Кыргызстанга бизнес-тур уюштурууну караштырууда.
Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты түзүү максатында Элчилик менен Экономикалык биримдиктин ортосундагы активдүү байланышты улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.