2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы №69 атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясына барды жана Германиянын чет өлкөлөрдө мектептик билим берүү боюнча борбордук кеңсесинин (ZfA-Zentralstelle für das Auslandsschulwesen) Кыргызстандагы координатору Штефан Демут менен жолугушту

82

2024-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы №69 атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясына барды жана Германиянын чет өлкөлөрдө мектептик билим берүү боюнча борбордук кеңсесинин (ZfA-Zentralstelle für das Auslandsschulwesen) Кыргызстандагы координатору Штефан Демут менен жолугушту.

Элчи Ө.Текебаев аталган гимназиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, окуучулар менен баарлашты. Аталган гимназиянын директору Сайрагүл Атаева менен жолугушууда Элчи бул гимназияда немис тилин үйрөнүү жана анын бүтүрүүчүлөрүн Германиянын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окутуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Т.Сатылганов атындагы №69 атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясы «Келечектин өнөктөш мектептери» (PASCH) демилгесинин алкагында Германиянын Чет өлкөлөрдөгү мектептерде билим берүү борбордук кеңсеси (ZfA- Zentralstelle für das Auslandsschulwesen) менен кызматташкан Кыргызстандагы алты өнөктөш мектептердин бири болуп саналат жана мында немис тили тереңдетип окутулат. Гимназия немис тилин окутууда Германия менен ийгиликтүү кызматташкан алдыңкы орто окуу жайлардын бири.

Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандагы өнөктөш мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн немис тилинин деңгээли жакшы экенин, бул Германиянын окуу жайларына андан ары тапшырууга шарт түзүп жатканын белгиледи. №69 гимназиянын бир катар бүтүрүүчүлөрү Германияда, анын ичинде Бавария Федералдык аймагынын Кам районунда ийгиликтүү окуп жана иштеп жатышат.

Маалымат үчүн: Чет өлкөдө мектептик билим берүү боюнча Германиянын Борбордук кеңсеси (ZfA-Zentralstelle für das Auslandsschulwesen) “Келечектин өнөктөш мектептери” (PASCH) демилгесинин алкагында 30 жылдан бери Кыргызстандагы 6 мектепте немис тилин окутууга колдоо көрсөтүп келет. Мында немис тилин тереңдетип үйрөнүүгө жана В1 жана С1 деңгээлинде немис тили сертификаттарын алууга басым жасалат.

Өнөктош-мектептердин тизмеси:

1. Бишкек шаарындагы №23 окуу-тарбия комплекси;

2. Бишкек шаарындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы;

3. Токмок шаарындагы №1 гимназия;

4. Талас шаарындагы No3 мектеп-гимназиясы;

5. Каракол шаарындагы No1 мектеп-гимназиясы;

6. Бишкек шаарындагы Г.Гмайнер атындагы мектеп.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK