2024-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Элчилик тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Германиялык «The WorkerBee» компаниясынын жетекчиси Джей Земанн менен жолугушуусуна катышты.

92

Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилигинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Джей Земанндын Кыргызстанга иш сапарын уюштуруп, квалификациялуу адистерди даярдоо маселесин алдыга жылдыруу максатында кызыкдар мамлекеттик органдар жана ата мекендик компаниялар менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана кадрдык кызматтардын кеңири спектрине адистешкен «The WorkerBee» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды даярдоо жана Германияга тартуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен германиялык «The WorkerBee» компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумдун максаты - Германиянын эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо үчүн кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана өркүндөтүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK