2024-жылдын 18-апрелинде Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Элчи Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Чыгыш Европа комитетинин төрагасы, “LUNO Gruppe” компаниясынын негиздөөчүсү Мирко Новак мырза менен жолугушту

91

2024-жылдын 18-апрелинде Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Элчи Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Чыгыш Европа комитетинин төрагасы, “LUNO Gruppe” компаниясынын негиздөөчүсү Мирко Новак мырза менен жолугушту.

Мирко Новак 2024-жылдын 4-7-апрелинде Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын жыйынтыктары тууралуу Элчи Ө.Текебаевге маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосунда медициналык кадрларды жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын даярдоо жана аларды Германияга ишке орноштуруу жаатында кызматташууну маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда ортопедиялык клиниканы ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Гамбургдун Соода-өнөр жай палатасы менен активдүү байланыштарды мындан ары чыңдоо, анын ичинде Германияда кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү маселелери сүйлөшүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK