2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде Кыргызстандагы “Үмүт-Надежда” балдарды реабилитациялоо борборунун ишмердүүлүгүн колдоо максатында кайрымдуулук кечеси болуп өттү

73

2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде кыргыз диаспоранын өкүлдөрү Улан Касымов жана анын жубайы Айзада Нуралиеванын көмөгү менен Кыргызстандагы “Үмүт-Надежда” балдарды реабилитациялоо борборунун ишмердүүлүгүн колдоо максатында кайрымдуулук кечеси болуп өттү.

Иш-чарага “Үмүт – Надежда” балдар реабилитациялык борборунун жетекчилиги, Германиядагы жарандык коомдун, бизнес жана жеке чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери, ошондой эле Кыргызстандын достору катышты.

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоо жана колдоо көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы “Үмүт – Надежда” балдар Борбордун 35 жылдан бери жемиштүү ишмердүүлүгүн терең канааттануу менен белгиледи.

Кечеде "Үмүт - Надежда" балдар борборунун аткаруучу директору Айша Ногойбаева, аталган Борборунун негиздөөчүсү Карла-Мария Шеликенин кызы Инга Шелике, ошондой эле бул Борбордо ыктыярдуу ишин өткөрүп жаткан Германиянын жараны Ян Бопп «Үмүт – Надежда» балдар борборунун ишмердүүлүгү, майып балдарды коомго интеграциялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары Германиядагы “Art City” чыгармачыл бирикмеси Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмө уюштурду.

Кеченин аягында конокторго кыргыз улуттук тамактар тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK