2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги кыргызстандык «Оомат» компаниясына «Гольштин» асыл тукум породасындагы ири бирикме болуп саналган «Masterrind GmbH» компаниясына барууга көмөк көрсөттү

85

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги кыргызстандык «Оомат» компаниясына «Гольштин» асыл тукум породасындагы ири бирикме болуп саналган «Masterrind GmbH» компаниясына барууга көмөк көрсөттү. Бирикмеге сут жана эт багытындагы 8 миңге жакын чарба кирет.

Германиялык компаниянын өкүлү «Гольштин» асыл тукумундагы бодо малдар Германиянын жалпы асыл тукум малынын 64%ын түзөрүн билдирди. «Masterrind GmbH» Борбордук Азия өлкөлөрү менен иштешүүдө позитивдүү тажрыйбасына ээ жана компания үчүн асыл тукум малды сатуу гана эмес, ошондой эле тиешелүү эксперттик колдоо да маанилүү экенин белгилеп, бул узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ал айтымында, “Masterrind GmbH” үрөндүк материалды өндүрүү боюнча алдыңкы компания болуп саналат жана дүйнөнүн 50 өлкөсүнө жеткирет.

Жолугушууда Кыргызстанга «Гольштин» асыл тукум бодо малды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK