2024-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын делегациясы Германия Федеративдүү Республикасынын Нинбург шаарында жайгашкан Германиянын DEULA аттуу айыл чарба техникасынын билим берүү академиясына барды

121

2024-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын делегациясы Германия Федеративдүү Республикасынын Нинбург шаарында жайгашкан Германиянын DEULA аттуу айыл чарба техникасынын билим берүү академиясына барды.

Жолугушууда Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев академиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, DEULA менен кыргызстандык дыйкандардын ортосундагы мүмкүн болгон кызматташуу маселелери талкууланды.

Академиянын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Александр Жаров Германиянын айыл чарба жаатында адистерди алдыңкы үлгүдөгү техникасын колдонуу менен даярдоочу ири борбор экенин маалымдады. DEULA Кыргызстандын айыл чарба компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Германиянын DEULA айыл чарба техникасынын академиясы менен «МТС К.О. Стандарттык Агросервис” ЖЧК кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду жана ал келишим жемиштүү кызматташууга өбөлгө түзөт. 2024-жылдын май айында DEULA академиясына Кыргызстандын фермерлеринин биринчи тобунун баруусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK