2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, «Айыл Банк» ААКнын, РСК Банктын, ЖЧК «МТС К.О. Стандарт Агросервис» өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Дамм шаарындагы картошканы жана башка жашылчаларды кайра иштетүү үчүн айыл чарба жабдууларын чыгаруучу ири GRIMME компаниясына барышты

106

2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, «Айыл Банк» ААКнын, РСК Банктын, ЖЧК «МТС К.О. Стандарт Агросервис» өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Дамм шаарындагы картошканы жана башка жашылчаларды кайра иштетүү үчүн айыл чарба жабдууларын чыгаруучу ири GRIMME компаниясына барышты.

Элчи Ө.Текебаев компаниянын ээлери Франц Гримме жана Кристоф Гримме менен жолугушууда Кыргызстан GRIMME компаниясы менен кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде колдонулган жабдууларды алууга кызыкдар экенин белгиледи. Бул категориядагы жабдыктардын кээ бирлери демонстрациялык жабдуулар катары колдонулган жана 2-3 жыл болгон.

GRIMME жетекчилиги 1861-жылы Төмөнкү Саксония аймагында негизделгенин, GRIMME 100% үй-бүлөлүк компания болуп саналат жана азыр төртүнчү жана бешинчи муундун ээлери тарабынан башкарылат.

Компания Кыргызстан менен жогорку сапаттагы айыл чарба техникасын, анын ичинде өндүрүүчү тарабынан тейлөө кепилдиги менен колдонулган техниканы жеткирүү боюнча кызматташууну арттырууга кызыкдар. Дүйнө жүзү боюнча 26 филиалда 3100 кызматкер иштейт. GRIMME жабдуулары 120дан ашык өлкөдө көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK