2024-жылдын 22-апрелинде Берлин шаарындагы Юнус Эмре институтунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин «Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китебинин биринчи англис тилиндеги котормосунун бет ачары уюштурулду

109

2024-жылдын 22-апрелинде Берлин шаарындагы Юнус Эмре институтунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин «Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китебинин биринчи англис тилиндеги котормосунун бет ачары уюштурулду.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле Германияда жашаган мекендештер катышты. Белгилей кетсек, айтылган улуу «Манас» эпосу тууралуу китеп мекендешибиз Акылай Байматова тарабынан англис тилине которулуп, 2024-жылдын апрель айында «Бугу Пресс» басмасынан жарык көргөн.

Иш-чаранын башында катышуучуларга Манас тууралуу видеоролик тартууланып, Германияда жашап жаткан жаш манасчы Турдубай уулу Нуртилек тарабынан Манас эпосунан үзүндү айтылды. Куттуктоо сөзүн Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинин кеңешчиси Айнура Турсумбаева, ошондой эле Берлиндеги Юнус Эмре институтунун директору Самет Каписиз сүйлөдү.

Кеченин катышуучуларына «Бугу Пресс» басмаканасынын директору Жаныбек Абидетегин негизги максаты дүйнөлүк адабиятты кыргыз тилинде басып чыгаруу жана жайылтуу болгон басмакананын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берди. Мындан тышкары, Акылай Байматова менен биргеликте Манас китебин англис тилине которуу боюнча долбоорду демилгелөө идеясы менен бөлүшүштү.

Кечеде Германиянын Гумбольдт университетинин докторанты Алымкан Жээнбекова да Манас эпосун изилдөө боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрү тууралуу баяндама жасады. Ал Ч.Валиханов, В.Радлов, Д.Алмаши, К.Мифтахов сыяктуу көрүнүктүү окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн, ошондой эле белгилүү манасчылар Ыбырайым Абдракман уулу, Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Жусуп Мамайдын эмгектерине кыскача токтолду.

Кеченин аягында конокторго улуттук тамак-аштар тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK