2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Берлиндеги Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча көз карандысыз институттун башкаруучу директору Михаэль Цшишенин жолугушуу болуп өттү.

135

Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев бул немис илимий институту менен Кыргызстандын ортосунда курчап турган чөйрөнү жана климатты коргоо маселелери боюнча кызматташууну түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Институттун башкаруучу директору М.Цшише Элчини айлана-чөйрөнү жана ресурстарды коргоо жаатындагы демократияны жана билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган институттун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Институт көптөгөн өлкөлөрдө мектептерде, айыл чарба компанияларында ресурстарды сактоо, климатты коргоо боюнча илимий изилдөөлөрдү практика менен айкалыштыруу боюнча билим берүүгө чоң көңүл бурулган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Берлиндеги Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча көз карандысыз институт (https://www.ufu.de/institut/) менен Кыргызстандагы компетенттүү ведомтсволордун ортосунда Меморандум түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK