2024-жылдын 26-апрелинде Берлин шаарында Германиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен белгилүү режиссер Руслан Акундун Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартылган “Бейиш эненин таманында” тасмасы көрсөтүлдү

253

2024-жылдын 26-апрелинде Берлин шаарында Германиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен белгилүү режиссер Руслан Акундун Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартылган “Бейиш эненин таманында” тасмасы көрсөтүлдү.

Кеченин башында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чаранын уюштуруучуларына Германиянын борборунда фильмдин премьерасын көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле тасма эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө баян экенин, анда балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиленин актуалдуу маселелери козголуп, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

Тасманын көрсөтүлүшүнө мекендештер менен бирге кыргызстандык достор да катышып, кол чабуулар менен тосуп алышып, бул тасманы көрүп абдан ыраазы болушту.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 12-майында бул тасма Франкфурт-на-Майне шаарында да көрсөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK