2024-жылдын 27-апрелинде Көлн шаарында (Германия) кыргыз эстрада артисти Мерген Тургандын концерти болуп өттү. Концерттин уюштуруучусу жана демөөрчүсү кыргызстандыктардын «Мурас» диаспоралык уюму болду

248

2024-жылдын 27-апрелинде Көлн шаарында (Германия) кыргыз эстрада артисти Мерген Тургандын концерти болуп өттү. Концерттин уюштуруучусу жана демөөрчүсү кыргызстандыктардын «Мурас» диаспоралык уюму болду.

Иш-чарага Германияда жашаган кыргызстандыктар жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин Майндагы Франкфурт шаарындагы өкүлү катышып, концерттин уюштурулушунун урматына сөз сүйлөп, артистти Германияда жеке концертин өткөрүшү менен куттуктады.

Концерт белгилүү ырчы Каныкей, алып баруучу Назира Айтбекова жана “Ак Кайың” бий тобунун катышуусу менен өттү. Иш-чаранын коноктору Германиянын бардык аймактарынан, ошондой эле Швейцариядан, Франциядан, Швециядан келишти.

Белгилей кетсек, М.Тургандын концерти ушул жылдын 10-майында Гамбург шаарында да болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK