Шенген визаны узартуу тууралуу
Урматтуу мекендештер,
Германия Федеративдүү Республикасынын Ички иштер, курулуш жана Ата-Мекен федералдык министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын 17-мартынан тартып Германияда болгон чет мамлекеттердин жарандарынын Шенген визаларынын мөөнөттөрү бүтсө, визаны узартуу муктаждыгы жок.
Шенген виза автоматтуу түрдө 2020-жылдын 30-июнуна чейин узартылат.
Аталган ченем эмгек максаты менен жүргөн чет мамлекеттердин жарандарына дагы анык.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Германия Федеративдүү Республикасындагы
Элчилигинин Консулдук бөлүмү