Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Б.Абдылдаевдин Германия Федеративүү Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлигинин Статс-катчысы Норберт Бартл менен жолугушуусу жөнүндө

4174

2020-жылы 16-ноябрында Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Э.Абдылдаев, COVID-19 пандемиясынын айынан Германияда киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин Статс-катчысы Н.Бартл менен онлайн форматында жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев биздин өлкөдөгү ички саясий туруктуулук, демократиялык процесстер жана социалдык-экономикалык кырдаал жөнүндө маалымат берип, ошондой эле COVID-19 каршы күрөштө Германиянын Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Каржылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу багытта ишке ашырылып жаткан эки долбоор: «Экономиканы туруктуу өнүктүрүү» жана «Саламаттыкты сактоо» тармактары жемиштүү экендигин жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошуп жаткандыгын, тараптар белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-герман кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн абалы жана келечеги, карызды конверсиялоону ишке ашыруу, өкмөттөр аралык консультацияларды өткөрүү, ошондой эле германдык тараптын биздин мамлекетке мындан ары колдоо көрсөтүүсү, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүү, маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK