Кыргызстандын жана Норвегиянын ТИМ Башчыларынын видеоконференцбайланыш форматындагы жолугушуусу тууралуу

2675

2020-жылдын 1-июлунда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Норвегиянын тышкы иштер министри Инне Сёрейде менен видеоконференцбайланыш аркылуу жолугушуусу болду.
Маектешүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Курчап турган чөйрөнү коргоо, «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндө кызматташуу маселелери каралды. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде боло турган байланыштардын графиги талкууланды.
Соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди. Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилелерин өз ара колдоо маселелерине көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK