2018-жылдын 14-ноябрынан 27-ноябрга чейин Нью-Дели шаарында 38-Эл аралык «India International Trade Fair-2018» көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат.

3773

Кыргызстан бул жылы да Кытай, Иран, Түштүк Корея, Нидерланды, БАЭ жана башка өлкөлөр менен бирге көргөзмөгө катышып жатат.

Ушул жылдын 14-ноябрында Индиянын соода жана өнөр жай мамлекеттик министри С.Р.Чоудри жана Индиянын маданият мамлекеттик министри М.Шарманын катышуусу менен жарманкенин расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргызстан бул жылы "Арсланбоб" бренд аты менен чыгып жаткан ата мекендик айыл чарба азыктарын тартуулап жатат. Көргөзмөнүн коноктору Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштеринин жана балдын мыкты сапатын жана даамдуулугун белгилеп жатышат.

Эске салсак, Кыргызстан 2017-жылы IITF Эл аралык көргөзмөсүндө Фокустук өлкө катары катышып экспортко багытталган айыл чарба азыктарын, элдик чыгармачылык, кол өнөрчүлүк жана текстилдик продукцияларын жарманкенин миллиондогон конокторуна кенен сунуштаган.

IITF көргөзмөсү индиялык соода жүргүзүү иштерине көмөк көрсөткөн  ITPO уюмунун негизги жана алдынкы долбоору болуп саналат. Көргөзмөнүн ушул жылдагы максаты айыл жеринде жайгашкан ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK