"Covid 19 – Дүйнөлүк кѳз караш жана алдыга карай жол " форуму

3224

2021-жылдын 8-апрелинде "Covid 19 – Дүйнөлүк кѳз караш жана алдыга карай жол " форуму болуп өттү.

Форумга КыргызРеспубликасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Индиянын Экономикалык Соода Уюмунун (IETO) Президенти А.Икбал, Хайдарабаддагы М.Азад атындагы Урду университетинин ректору Ф.Ахмед, Джайпур падышалык үй-бүлѳнүн мүчөсү М. Сингхтин, Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, IETO департаменттеринин директорлору, Индиядагы алдыңкы компаниялардын жана ишканалардын өкүлдөрү, ошондой эле Индиядагы илимий жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Форумдун жүрүшүндө коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча кызуу пикир алмашуу болду. COVID 19 пандемиясынын шартында Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. COVID 19га байланыштуу чектөөлөргө карабастан, индиялык ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин билдиришип, Индиянын ишкер делегацияларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын уюштуруу жѳнүндѳ даярдыгын билдиришти.

Форумдун катышуучулары COVID 19 менен күрөшүүдө, анын ичинде COVID-19 келип чыккан түпкү тамырларын жана анын ар кандай формаларын изилдөөнүн натыйжаларын, ошондой эле аларды дарылоонун жана алдын алуунун методдорун иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуунун натыйжалуу механизмин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан COVID 19 менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана анын кесепеттери жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу да тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанисин белгиледи. Соода-экономикалык байланыштарды бардык мүмкүнчүлүктөр менен, анын ичинде виртуалдык форматтагы иш-чараларды өткөрүү менен дагы да бекемдөөнүн өзгөчө актуалдуулугун баса белгиледи. Фармацевтика жаатында илимий жана өндүрүштүк потенциалды түзүү боюнча ишти улантуу зарылчылыгынан улам, ал Кыргыз Республикасында фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү секторундагы ишти күчөтүүнү сунуш кылды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK