Индияда салттуу медицинанын глобалдык борбору ачылды

1762

Ушул жылдын 20-апрелинде Гуджарат штатында (Индия) Индиянын Премьер-министри Н.Моди жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Башкы директору Тедрос Гебреистун катышуусунда Глобалдык Аюрведа инвестициялык жана инновациялар саммитинин ачылышы болду.

Ачылыш аземинде сүйлөгөн Премьер-министр Моди белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөдө аюрведиялык дары-дармектерди жана косметикаларды өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй суроо-талап бар, ошондуктан 2014-жылы Аюрведа сектору 3 миллиард доллардан аз болсо, бүгүнкү күндө ал 18 миллиард доллардан ашты.

ДСУнун башкы директору Т.Гебреисус, өз кезегинде, аюрведиялык медицина бир катар Европа өлкөлөрү, ошондой эле ДСУ тарабынан альтернативдик медицина катары таанылганын, жана бүгүнкү күндө ДСУга мүчө 194 мамлекеттин 170и анын ыкмаларын колдонгону тууралуу маалымат беришкенин билдирди. ДСУнун маалыматы боюнча, дүйнө калкынын 80 пайызы салттуу медицинаны колдонот.

Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев дипломатиялык конклавтын алкагында Кыргыз Республикасындагы салттуу медицинанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.

Элчи өз сөзүндө «Индия-БА» 1-саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча, анын ичинде саламаттыкты сактоо секторунда да өз ара аракеттенүүнү арттыруутапшырмасы берилгендигин белгиледи.

Буга байланыштуу Элчи салттуу медицинаны өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле Индиянын Аюрведа министрлигинин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Элчи ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Индиянын Аюрведа министрлигинин ортосунда салттуу медицина тармагында кызматташуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу маселеси азыркы учурда каралып жатканын билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK