КРнын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторун алуу тууралуу
2021-жылдын 14-июнунан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун (биометрикалык паспорт) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн маалымдайбыз.
2021-жылдын 20-мартынан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык ички паспортту – ID-картты да Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилейбиз.