Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушту

2574

2021-жылдын 10-11-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Индия Республикасынын Тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушту.

Министр Р.Казакбаев индиялык кесиптеши менен кыргыз жеринде жолугушуп жатканына кубанганын билдирип, мындай жогорку деңгээлдеги визиттер кыргыз-индия стратегиялык мамилелеринин жакшырышына өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектрин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары активдүү өнүктүрүүгө эки тарап кызыкдар экендигин белгилешти.

Расмий визиттин алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Индия Республикасынан гранттык жардам жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Бул Меморандумдун алкагында саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, кайра жаралуучу энергия булактары, соода жана кыргыз экономикасынын башка артыкчылыктуу тармактары боюнча социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бирине 1,5 миллион долларга чейин каражат бөлүнөт.

Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Өз кезегинде министр С.Жайшанкар Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээли эч кандай карама-каршылыктар менен коштолбогондугун белгилеп, Индиянын эки өлкөнүн кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык уюмдардагы өз ара колдоону камтыган кыргыз-индия мамилелерин бардык чөйрөлөрдө бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантуу ниетин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле аймактык коопсуздук жана Афганистандагы кырдаал, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты, аймактык коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу үчүн тыгыз өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK