Элчи А.Исаевдин Нью-Делиде дипломаттык конклавда катышуусу

3401

Ушул жылдын 13-мартында «Travel Jingles» журналынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаев ковидден кийинки мезгилдеги туризм тармагы, туризм тармагын калыбына келтирүүнү стимулдаштыруу чаралары, ошондой эле пандемияга жооп кайтарууда санарип платформалардын ролу темасына арналган элчилердин панелдик талкуулоосуна катышты.

Талкуунун жүрүшүндө элчи А.Исаев Кыргызстандагы туризм тармагын калыбына келтирүү, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле коронавирустун алдын алуу боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан карантиндик чаралар жөнүндө айтып берди.

Иш-чара чет элдик дипломаттарга Индиянын жарандык коомунун өкүлдөрү менен өз көз караштарын бөлүшүүгө жакшы аянтча болуп берди.

Иш-чарага Индияда аккредиттелген чет мамлекеттердин 20га жакын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK