Нью-Делиде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына салтанаттуу кече өттү

1612

Нью-Делиде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына салтанаттуу кече болуп өттү.

Иш-чарага Индиянын Өкмөтүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Индиянын бизнес чөйрөсүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кечеде кыргыз жарандарын дарылап жаткан индиялык дарыгерлер жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан менен түрдүү долбоорлор боюнча кызматташкан академикалык чөйрө да катышты.

Иш-чаранын негизги коногу Индиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри/Маданият боюнча мамлекеттик министри Менакши Лехи айым болду.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев Эгемендүүлүк адамзат тарыхындагы эң чоң сыймыктардын бири экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эли, бардык улуттар, бардык этностор мамлекетибизди сактап калууга жана эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү болууга умтулушат. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасы бардык тармактарда тыгыз жана жемиштүү кызматташып жатканын жана бугунку кунде алар дос өлкөлөр гана эмес, ошондой эле стратегиялык шериктештер экенин баса белгиледи.

Индиялык тараптан куттуктоо сөзү менен Тышкы иштер мамлекеттик министри М.Лехи айым чыкты. Ал Индия өкмөтүнүн атынан жалпы кыргыз элин Эгемендүүлүктүн мааракеси менен куттуктап, бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Индиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктүн жакшы, достук мамилелери өнүгүп келе жатканын белгиледи. М.Лехи өз сөзүндө кыргыз-индиялык мамилелердин өнүгүшүнө жогору баа берип, индиялык тарап аны өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

«Элдердин достугу» аттуу концерттик программанын алкагында «Mirrors» бий театрынын укмуштуудай аткаруулары, кыргыз өнөрпоздору А.Джумакунова менен Ж.Мурат кызынын аткаруусундагы элдик ырлар иш-чаранын конокторуна улуттук колориттен ырахат алууга шарт түздү.

Иш-чаранын конокторуна өзгөчө кыргыз аткаруучуларынын улуттук аспап “комузда” аткарган индия ырлары чоң таасир калтырды.

Ошондой эле конокторго улуттук ашкананын түрдүү тамактары жана улуттук суусундуктар сунушталды. Кыргыздын мыкты каада-салттары менен тартууланган улуттук тамак-аштар иш-чаранын конокторунун арасында чоң ийгиликке ээ болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK