Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаевдин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Элчиликтин атынан коштошуу кечеси уюштурулду

927

Ушул жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаевдин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Элчиликтин атынан коштошуу кечеси уюштурулду.

Кечеде Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Менакши Лекхи айым, Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн, маданияттын, саламаттыкты сактоонун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Элчи А.Исаев өз сөзүндө Индиянын Тышкы иштер министрлигине жана башка мамлекеттик органдарына, келген өлкөнүн дипломатиялык корпусундагы кесиптештерине, жарандык жана бизнес коомчулугуна Индиядагы ишинин жүрүшүндө кызматташуу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекеттик министр өз кезегинде элчинин индиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого кошкон жеке салымын, анын 2022-жылдын июнь айында Кыргызстанга болгон сапары ийгиликтүү уюштурулгандыгын канааттануу менен белгилеп, анын келечектеги кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK