Кыргыз Республикасынын Шри-Ланкадагы Элчиси Аскар Бешимов Шри-Ланканын Тышкы иштер министрлигинин Протокол башчысы Мажинте Жайесинхеге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

266

2024-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Шри-Ланканын Тышкы иштер министрлигинин Протокол башчысы Мажинте Жайесинхеге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү милдеттерине басым жасап, анын ичинде жигердүү саясий диалогду колдоо менен кыргыз-ланкалык достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле 2024-жылдын 31-январында Элчи А.Бешимов Шри-Ланканын айыл чарба жана жерлер министри Махинда Амаравира менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагында кызматташууну түзүү, анын ичинде Кыргызстандын айыл чарба продукциясын (бал, кургатылган жемиш ж.б.) Шри-Ланкага жана Цейлон чайын жана кофесин Кыргыз Республикасына экспорттоо маселелери талкууланды. Муну менен катар Шри-Ланка тарап мөмө-жемиштерди, жемиштерди жана айыл чарба азыктарынын башка түрлөрүн өстүрүү боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди

Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-январында Шри-Ланканын билим берүү министри Сюсил Премажаяанза менен жолугушуу болуп өттү. Шри-Ланканын билим берүү министри өлкөнүн билим берүү тармагындагы акыркы реформалар тууралуу кыскача маалымат берди. Анын айтымында, 1,3 миллионго жакын Шри-Ланкалыктар студенттерди түзөт.

Элчи А.Бешимов өз кезегинде Кыргызстан билим берүү кызматын экспорттоо боюнча аймактагы алдыңкы өлкө экенин белгиледи, аны менен бирге ал Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк студенттердин саны тууралуу кыскача маалымат берип, кыргыз тарап бул багытта эң активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча тараптар тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин иш сапарларын уюштурууну макулдашты. Тараптар бул тармактарда кызматташтыкты орнотуу жана мындан ары да чыңдоо үчүн байланыштарды улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK