Нью-Дели шаарында эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси болуп өттү

6361

2019-жылдын 15-декабрында салтка ылайык, Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги жыл сайын өтүүчү 31-эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесине катышты.

Кыргызстандын павильонунда Кыргыз Республикасынын улуттук продукциялары жана буюмдары, атамекендик кол өнөрчүлөрдүн сувенирлери, ошондой эле ар түрдүү салттуу тамактарбоорсок, чак-чак, курут, кыргыз шоколады, сыр, колбаса жана нандардын ар кандай түрлөрү сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин ушул иш-чарага катышуусу кыргыз элинин маданияты жана салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди, ал эми кийизден жасалган сувенирлер, ошондой эле атактуу кыргыз балы коноктордун кызыгуусун арттырды.

Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси жыл сайын DCWA (Шериктештиктин айымдарынын Дели ассоциациясы) патронаты астында Нью-Дели шаарында өткөрүлүп турат.

Салт боюнча чет элдик өкүлчүлүктөрдүн стенддеринде келгендерге улуттук азыктар, сувенирлер, өнөр жай жана азык-түлүк товарлары, жаңы жылдык жасалгалар сунуш кылынат.

Ошондой эле, чет мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн улуттук жамааттарынын катышуусундагы концерттик программалар келгендерге майрамдык маанай тартуулашты.

Жарманкеге чогултулган бардык каражаттар салт боюнча кайрымдуулукка жумшалат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK