Индиянын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Н.Моди мырзаны Индиянын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Эгемендүүлүк жылдары Индия саясий, экономикалык жана башка чѳйрѳлѳрдѳ ири держава боло алды. 29 жылдын ичинде кыргыз-индия кызматташуусу эки ѳлкѳнүн ортосунда туруктуу жана динамикалуу ѳнүгүүгѳ ээ болду.
Кыргыз Республикасы стратегиялык ѳнѳктѳштүктү андан ары ѳнүктүрүүгѳ кызыкдар» - деп белгиледи Президент.
Ошондой эле Президент С.Жээнбеков индия элине тынчтык жана ѳнүгүүнү каалады.