КРнын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаев Индиянын Тышкы иштер министринин алдындагы маданият байланыштары боюнча Индия кеңешинин Президенти (ICCR) Винай Сахасрабудхе менен жолугушту

3285

Бүгүн, 2020-жылдын 19-октябрында Нью-Дели шаарында КРнын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаевдин Индиянын башкаруучу партиясынын Bharatiya Janata Party (BJP) мүчөсү, мурдагы Вице-президенти, Индиянын Тышкы иштер министринин алдындагы маданият байланыштары боюнча Индия кеңешинин Президенти (ICCR) Винай Сахасрабудхе менен жолугушуусу өттү.

ICCRбул эгемендүү Индиянын биринчи билим берүү министри Маулана Абул Калам Азад тарабынан 1950-жылы негизделген маданият байланыштары боюнча Индия кеңеши. Анын максаттары болуп Индиянын тышкы маданият байланыштарына байланыштуу саясатты жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жигердүү катышуу; Индия менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы маданият байланыштарын жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү жана бекемдөө; чет өлкөлүк мамлекеттер жана элдер менен маданият чөйрөсүндө алмашууга көмөк көрсөтүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исаев КРдагы учурдагы ички саясий кырдаал, өлкөнүн жаңы Ѳкмөтүн бекитүү жана ошондой эле Кыргызстанда пландалып жаткан парламенттик жана президенттик шайлоолор тууралуу кыскача айтып берди.

ICCRдын Президенти Винай Сахасрабудхе, өз кезегинде, КРдагы кырдаал боюнча терең маалымдуулугун билдирүү менен, жакындагы болуп өткөн бийлик алмашуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты сурап, болуп өткөн окуялардын зомбулуксуз мүнөзүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, кыргыз тарабынын ICCR линиясы боюнча көбүрөөк студенттерди тартууда кызыкчылыгын эске алуу менен, Элчи А.Исаев эки өлкөнүн ортосунда маданият жаатында алмашуу боюнча Келишим түзүүнү сунуштады.

Маектеш кыргыз тарабынын сунуштарын кубаттап, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын деңгээлинде байланыштарды жөнгө салууну активдештирүү, жана КРнын аймактарынан студенттерди ICCR программаларына тартуу зарылчылыгын белгиледи.

Ошондой эле ICCR Президенти КР менен Индиянын ортосундагы мындан ары кызматташтыктын деталдарын конкреттүү талкуулоо үчүн жумушчу деңгээлинде кошумча жолугушууну өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү достук байланыштарын өнүктүрүүдө өз ара умтулууларын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK