Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков Ирандын Борбордук провинциясынын Эрак шаарындагы Соода-өнөр жай палатасынын президенти Насер Бейги мырза менен жолугушту

3379

     2021-жылдын 7-февралында Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков Ирандын Борбордук провинциясынын Эрак шаарындагы Соода-өнөр жай палатасынын президенти Насер Бейги мырза менен жолугушту.
   Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу, эки мамлекеттин Соода өнөр жай палаталарынын кызматташуусу, эки өлкөнүн бизнесмен делегацияларынын иш сапарларын уюштуруу тууралу  пикир алмашышты.
   Борбордук провинциясы, Ирандагы 200дөн ашуун өнөр жай, айыл чарба, нефтехимия, машина куруу жана башка ишканалары бар, өнүккөн өнөр жайлуу регион болуп эсептелет.
  Эрак шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги Кыргызстан менен кызматташууга олуттуу кызыкдар экендигин билдирди.

  • Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков Ирандын Борбордук провинциясынын Эрак шаарындагы Соода-өнөр жай палатасынын президенти Насер Бейги мырза менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK