Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Иран Ислам Республикасынын Бажысынын Төрагасы Мехди МИРАШРАФИ мырза менен жолугушту

3226

     2021-жылдын 8-февралында Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Иран Ислам Республикасынын Бажысынын Төрагасы Мехди МИРАШРАФИ мырза менен жолугушту.
   Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Иран Ислам Республикасынын аймагындагы Кыргызстандын транспорттук жүк ташуучу компанияларына көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
  Иран бажысынын башчысы кыргыз тарапка Иран Ислам Республикасынын аймагындагы транспорттук жүк ташуучу компанияларга жана ишкерлерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын Бажы кызматы менен мындан ары да биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигине ишеним билдирди.
 

  • Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Иран Ислам Республикасынын Бажысынын Төрагасы Мехди МИРАШРАФИ мырза менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK