2021-жылдын 15-февралындагы Кыргыз Республикасынын Тегеран шаарындагы Элчилигинин пресс-релизи

3293

       2021-жылдын 13-февралында Тегеран университетинде жыл сайын өтүүчү Тегеран Университети менен Тегеран Медицина Илимдер Университети менен биргеликте уюштурган "Университеттердин эл аралык кызматташтыгы" темасында 10-чу Эл аралык фестиваль болуп өттү.
     Бул иш-чарага Кыргызстандын атынан Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков, ошондой эле Ирандагы Италиянын, Австралиянын Элчилери, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Иран таануу кафедрасынын башчысы, профессордук-окутуучулардын курамы жана университеттердин  студенттери  катышышты.
       Элчи А.Абдуразаков өз сөзүндө фестивалдын катышуучуларына Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы жогорку билим берүү, илимий изилдөө жана маданият жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жөнүндө айтып берди.
   Элчи А.Абдуразаков, Кыргызстан менен Ирандын университеттеринин ортосундагы кызматташтыктын, COVID-19 пандемияга карабастан, мамилелер  мындан ары өнүгүшүнө үмүт артыраарын, ошондой эле форумдун бардык катышуучуларына илимий-изилдөө жана билим берүү иш-аракеттерине ийгиликтерди каалады.

  • 2021-жылдын 15-февралындагы Кыргыз Республикасынын Тегеран шаарындагы Элчилигинин пресс-релизи

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK