2021-жылдын 24–февралындагы Кыргыз Республикасынын Тегеран шаарындагы Элчилигинин пресс-релизи
2021-жылдын 24-февралында Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Авазбек Абдуразаков Иран Ислам Республикасынын жарандык авиация уюмунун президенти Турад Дехгани ЗАНГЕНЕ менен жолугушту.
Жолугушуунун учурунда жарандык авиация тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралу талкууланды.