2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Референдум жөнүндө маалымат (жалпы элдик добуш берүү)

3138

     Урматтуу Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы  жарандары!

1.Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилиги 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча Референдум өтө тургандыгын маалымдайт.
      Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган кыргыз жарандары биометрикалык каттоосу бар жарандар жана Тегерандагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде консулдук каттоодо тургандар добуш бере алышарын кабарлайбыз.

2. Консулдук каттоого туруп, биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн www.tizme.gov.kg сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн текшере алышат.

3. Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилиги 2021-жылдын 11-апрелинде саат 08.00-20.00ге чейин №9043 шайлоо участкасы ачык болот.
Добуш берүү күнү Сизде төмөнкү документтер болушу керек:
- жалпы жарандык паспорт;
- ички паспорт (ID-card).
Элчилик Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы жарандарына Элчилике келип добуш берүү өтүнүчү менен кайрылат.

4. Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилигинин дареги:
     Тегеран шаары, Пасдаран/Наренжестан көчөсү 5, үй № 24.
Байланыш телефондору:
Элчиликтин телефону: +98 21 228-303-54.
WhatsApp: +98 933 179 27 82 - М.А. Байсымаков
Элчиликтин электрондук дареги: kgembassy.ir@mfa.gov.kg

     Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигиндеги № 9043 Тегеран шайлоо участкасы.

  • 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Референдум жөнүндө маалымат (жалпы элдик добуш берүү)

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK